
Бишкек эл аралык кинофестивалы 2024-жылы 11-15 июнь күндөрү өткөрүлгөн. Жаплысынан фестиваль Кара-Кыргыз Автономиялуу Облусунун 100 жылдыгына арналга
Фестивалдын программасында:
– Эл аралык сынак,
– Борбор Азия сынагы,
– Central Asian Pitching Lab,
– Ретроспектива,
– Иран кино жумалыгы,
– Мастер-класстар
Бишкек кинофестивалынын “Асман килемине” чакырылган коноктор жана киноиндустриянын өкүлдөрү, алардын арасында кинематографисттер, маданият ишмерлери жана медиа инсандары келишти. Иш-чара фестивалдын эл аралык мүнөзүн жана анын маданий чөйрөдөгү маанисин баса белгиледи. Маданий иш-чарага катышуу үчүн 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келди.
Эл аралык сынактын Гран-приси “Түбөлүк кар уламыштары” тасмасынын якутиялык режиссеру Алексей Романовга ыйгарылды. Алексей Романов: “Кыргызстанда өзүнүн эл аралык кинофестивалынын пайда болгонуна кубанычтамын. Биз бул жакка келип, дал ушул жерде премьера өткөргөнүбүз чоң сыймык, анткени кыргыз эли мен үчүн тууган түрк элдеринин бири. Өзүмдүн тасмамды ушул жерде тартуулап, кесиптештеримден пикир алуу мен үчүн абдан жагымдуу болду. Бишкек эл аралык кинофестивалы менен Якутск эл аралык кинофестивалынын мындан аркы кызматташуусуна үмүттөнөм”.
Ал эми Борбор Азия сынагынын Гран-присин, кыргыз тасмасы «Белек» жеңишке жетти.
Кинофестивалда кино тартуунун негизги аспектилерин камтыган алты кызыктуу мастер-класс өттү — сценарий чеберчилигинен креативдүү индустрияларга чейин. Александр Носков өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, дубляж боюнча мастер-класс өткөрдү. Вьетнамдык таланттуу кинематографист Лин Дан “Мен аялмын жана мен кинооператормун” аттуу мастер-класс берди. Жана ошондой эле, сценарист жана креативдүү продюсер Сергей Пекин, 1.1STUDIO продакшн компаниясы, Кыргызпатент жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы мастер-класстарын өткөрдү.
CAF Pitch сынагынын жыйынтыгында, продюсери Ерлан Ибрагим жана режиссеру Искандар Усмоновдун “Cradle. Homecoming.” долбоору жеңди. Бул сынакта 10 Борбор Азиялык кинодолбоор өз ара күч сынашты.
Фестивалдын алкагында ретроспективасында классикалык кыргыз киносунун улуу чыгармалары шаардын кинотеатрларында көрсөтүлдү.
II Бишкек эл аралык кинофестивалынын Эл аралык жана Борбор Азия сынактарынын жеңүүчүлөрү.
Борбор Азия сынагы
Мыкты сценарий — Шарипа Уразбаева, «Түл» тасмасы. Байге 300 000 сом.
Мыкты актёр — Ерсултан Ерман, «Бала асыроо» тасмасы. Байге 150 000 сом.
Мыкты актриса — Жаннат Күрүчбекова, «Белек» тасмасы. Байге 150 000 сом.
Мыкты режиссёр — Асхат Кучинчиреков, «Бала асыроо» тасмасы. Байге 400 000 сом.
Баш байге — «Белек» тасмасы, режиссёру Дальмира Тилепбергенова. Байге 500 000 сом.
Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү
Мыкты оператор — Азиз Жамбакиев, «Шамбала» тасмасы. Байге 300 000 сом.
Мыкты актриса — Мона Хава, «Буюрса, уул болот» тасмасы. Байге 300 000 сом.
Мыкты режиссёр — Мирлан Абдыкалыков, «Кыз ала качуу» тасмасы. Байге 400 000 сом.
Баш байге — «Түбөлүк кар уламыштары», режиссёру Алексей Романов. Байге 500 000 сом.