Фестивальдын алкагында белгилүү кыргыз режиссёру Төлөмүш Океевдин 90 -жылдыгына арналган ретроспектива өтөт. Анын жүрүшүндө режиссёрдун үч белгилүү эмгеги көрсөтүлөт. Кинематографиядагы ретроспектива — бул өткөн учурга кайрылуу, башкача айтканда, көрүүчүлөргө мурунку тасмаларды көрсөтүү аркылуу тарыхый учурларга кайрадан көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет

УЛАН (1977)
Бул драма Азат Майрамов аттуу кадыр-барктуу адамдын жашоосундагы жолунун болбой калышы тууралуу. Ал аракечтиктен арыла албай, үй-бүлөсүн, ишин, ден соолугун жана эркиндигин жоготот. Тасманын аталышы Ысык-Көлдөгү бороондуу шамал “уланга” байланыштуу болуп, көз карандылыктын кыйратуучу күчүн билдирет.
Ак илбирстин тукуму (1984)
Тасма кыргыз эл жомокторунун негизинде тартылып, байыркы заманда жашаган Ак илбирстер уруусунун тарыхын баяндайт. Бул уруунун мүчөлөрү — мергенчилик менен жашаган, ата-бабалардан калган мыйзамдарды катуу сактаган адамдар. Жаш башчы, Кожожаш ата-бабалардын тыюусун бузуп, бүтүндөй урууну кайгылуу кесепеттерге алып келет


Бакайдын жайыты (Балалыгыбыздын асманы) (1966)
Тасмада жайлоого эс алууга келген бала тууралуу баяндалат. Анын атасы Бакай — көчмөндөрдүн конушундагы аксакал адам. Ал уулун кайра шаарга жибербөөнү чечет. Баласын өзүнө жана апасына жардам берип, ошол жерде калуусун каалайт. Бул жөнөкөй окуя муундардын ажырымы, эски жашоо образын жоготуу жана табият менен болгон байланышты көрсөтөт